Телефон шылуундары элди кантип алдайт?

Сүрөт: интернеттен алынды

Телефон шылуундары көбөйгөндөн көбөйүп барат. Тааныбаган номерден чалуу келсе, же WhatsApp'тан белгисиз номер жазса мурдагыдай жооп бергенге ашыкпай калдыңызбы? Себеби, мурда тааныбаган номерден телефонун алмаштырган тааныштар чалса, эми болсо шылуундар чалып элди оңой эле алдап жатат. Телефонго жооп бергенден кийин шылуундардын торунан чыгуу кыйын болуп калат. Себеби алдамчылар психологиялык ыкмаларды колдонуп жатышат.

Номерди алмаштырсаңыз дагы, телефонду сатып башкасын алсаңыз дагы, бир күн болбосо бир күнү алдамчылар сизге дагы чалат. Жасалма интеллекттин жардамы менен шылуундар үнүн өзгөртүп, сиздин тууганыңыз же таанышыңыз болуп дагы чалышы мүмкүн.

"МедиаХаб" психологдорго кайрылып, эмне үчүн адамдар өмүрү көрбөгөн же тааныбаган адамдардын сөзүнө эле ишенип алданып жатышканынын себебин сурады. Биз сүлөшкөн эки психолог тең шылуундар адамдардын сезими менен ойной турганын айтып беришти.

 

Манипуляциянын ар кандай түрлөрү бар. Биринчиси — коркутуу. "Эгерде сен бул нерсени аткарбасаң, акчаны которбосоң мен азыр туугандарың менен, же акчаң күйүп кетип атат" деген коркунуч сезими аркылуу. Экинчиси — адамды күнөөлүү сездирүү аркылуу манипуляция кылып акчасын которуп алганга аракет кылып атышат. Дагы бир сезим, адамдын өзгөчө экенин белгилөө. "Бүгүн сиз 100 кишинин арасынан акча утуп алдыңыз, эгерде мага мынча акча которсоңуз акчаңыз көбөйөт" деген. Адам өзгөчө экенин айтып койсо, манипуляцияга жана алданууга бат дуушар болот. 
Мисалы, 90-жылдарда деле Кашпировский деген болгон, каржы пирамидалар болгон. Ошол нерсенин эле жаңы түрү болуп атат. Ошол убакта дагы адамдар өздөрүн жоготкон да.
— Тынчтык Бакытов
УКМКдан же органдан чалса биздикилер коркот. Бизде коркуу сезими болот дагы, ал жактан психологиялык басым болот. Коркуу сезими эле аткара берет дагы, эмне кылганын өзү билбей калат. 
Психологиялык басымды көбүрөөк колдонот. Басымга туруштук бериш керек. "Сен кимсиң, кайсы органдансың, фамилияң ким?" деген бизде текшерүү болбойт да. Адам ушул нерселерди билсе, төрт-беш суроо менен шылуун жок болуп кетмек. Негизи кыргыздарда авторитеттен коркутуп өстүрөбүз да балдарды. Мисалы, "атаңа сүйлөбө, энеңе сүйлөбө" деп баланы коркутуу сезим менен өстүргөндө бала өзүнөн улуулар сөз айтса эле ошону туура кабыл алып, чуркап барып аткарып калат.
— Айгүл Аликанова

Психологдор белгилегендей шылуундар өлкөдө кайсы мамлекеттик орган күчтүү же таасирдүү болсо же кайсы саясатчы белгилүү же кадыр-барктуу болсо, ошонун атын жамынышарын белгиледи. Биз эксперттерден албетте шылуун чалганын аңдап билгенде же байкап калганда бул кырдаалдан кантип чыкса болорун дагы сурадык.

Биринчиден, бирөө чалып калса, коркунуч болгон учурда телефонду өчүрүп коюш керек же болбосо тактоочу суроолорду бериш керек. Банкта бир нерсе болуп калса сыр сөздү сурайт го, ошону дагы айтып салат да кээ бир адамдар. Расмий банктын номеринен чалып атабы сага, ошону такташыбыз керек. Телефондө сүйлөшүп жатканда, токтотуп "мен азыр чалам, ойлонуп көрөйүн" деп айтуу керек. Анткени манипуляция тез убакытта кылынат. Адамдын коркуу сезими болсо, ал тез чечим кабыл алат. Ошондуктан чечим кабыл үчүн, телефонду өчүрүп, ойлонуп, дем алып, башкалар менен кеңешип анан жооп бериш керек деп ойлоймун. 
Көп байкасак шылуундар суроолорун токтотпойт, ойлонууга мүмкүнчүлүк бербейт, улам сүйлөп турушат. "Коё туруңуз, мындай болду" деп бат-бат сүйлөйт. Адам ойлонуп, чечим чыгарып жооп бергенге жетишпей калат. Анализдегенге жетишпей калат.
— Тынчтык Бакытов
Биринчи эмоциялар, анын үстүнөн көзөмөл, чечим чыгаруу болот. УКМКдан деп чалганда адам эмоционалдык деңгээлге түшөт. Ал жерде жүрүм-туруму коркуу сезиминин негизинде болгону үчүн көп туура эмес аракеттерди жасап салат. Мындай караганда аң сезимдүү элебиз, бирок жинибиз келсе, жинибизди көзөмөлдөй албай эле бакырып салабыз го. 
Эгерде биз стресс менен салыштырсак, анда биринчи дем алуу көнүгүүсүн жасаш керек. Жети-сегиз жолу жасаганда адам өзүнө келет. Ошондо биз ар ойлонгонго мүмкүнчүлүк болот. Сүйлөшүп атканда дароо жооп бербей 10го чейин санаш керек. Дем алуу көнүгүүсүн жасап, өзүнө келгенден кийин анан сүйлөп башташ керек. Же болбосо сүйлөп баштаганда эле трубканы коюп салыш керек.
— Айгүл Аликанова

Эксперттер айткандай, шылуундар кыска убакыттын ичинде адамда коркуу же тескерисинче кубануу сезимин пайда кылып, манипуляциясын ишке ашырууга ашыгышат. Бул учурда телефонду канчалык эрте коюп салсаңыз, ошончолук эрте манипуляцияны токтотосуз.

Улуттук банк дагы, УКМК дагы алардын атын жамынган шылуундар көбөйгөнүн эскертип эле келе жатат. Ал эми акыркы учурларда жетекчилердин, депутататтардын,