Журналист Анаркулов эки айга камалды

Журналист Нургазы Анаркулов 10-апрелге чейин камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карады. 

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ага “Жапырт башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. 

Анаркулов сот залынан чыгып баратып “Азаттыкка” коюлган айыпка макул эместигин, 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун айткан. 

Нургазы Анаркулов 2020-жылы президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болгон. 2021-жылы пара талап кылууга шектелип кармалып, кызматтан алынган. Кийин кайра эркиндикке чыккан.

Анаркулов УКМК экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынгандан кийинки билдирүүсүн Фейсбук баракчасына чыгарган. 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип келе жатканда чек арадан кармалган.