Мурдагы жетекчи камакка алынды

Сүрөт: Чыңгыз Төкөлдөшев

Биринчи май райондук соту Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшевдин баш коргоо чарасын карап, 15-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ага “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. 

Чыңгыз Төкөлдөшев Балыкчы шаардык милициясын 2025-жылдын июль айынан бери жетектеп келген. 27-февралда айрым медиалар Төкөлдөшев иштен бошотулуп, кармалганын жазып чыгышкан.

10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Анын артынан орун басарлары да иштен алынган. Ошондон бери бир катар жетекчилер кызматтан алынууда.