Өзгөндө 3 милиционер кармалды

Өзгөн районунда 3 милиция кызматкери бийликтен аша чабууга, физикалык зомбулук көрсөтүүгө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Мекеме кабарлагандай, окуя 3-январда болгон. Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, физикалык зомбулук көрсөтүшкөн. Мындан улам бир жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.

Аталган факты боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Бийликтен аша чабуу” беренелери менен иш козголгон. Иш УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгына тергөө жүргүзүү үчүн жиберилген.

Шектүүлөр 2 айга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылды.

"Бул жерде цитата болот."
— Автордун аты

Бул жерде негизги текст болот. Редактордон абзацтарды өзгөртүп, жаңы бөлүктөрдү кошсоңуз болот.

Материалдын мазмуну ушул блокто көрсөтүлөт.