Биз жөнүндө

Али Токтакунов Radio Free Europe/Radio Liberty радиосунун мурунку журналисти. Бажыдагы 700 миллион долларды тымызын чыгарып кетүү боюнча резонанс жараткан журналистик иликтөөлөрдүн авторлорунун бири.

Бул журналистик иликтөөлөрдүн натыйжасында, Бажыдагы коррупциялык схемалар жоюлуп, мамлекеттик бюджетке 2 млрдтан ашык сом кайтарылды. Андан сырткары  аталган иликтөөнүн каармандарына коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, АКШнын “Магнитск АКТ” кара  тизмесине киргизилген.

 

2021-жылдын февраль айында Али Токтакунов «МедиаХаб» коомдук фондун негиздеген. Фонд- коррупциялык иштерди иликтеп, медиа долбоорлорду ишке ашырып, ошону менен бирге эле кыргыз киносун жайылтууга салым кошууда.

 

2022-жылдын февраль айында «МедиаХаб» командасы Кыргызстандагы абройлуу «Улан Эгизбаев» атындагы премиясынын биринчи жана экинчи орундагы сыйлыктарын жеңип алган.

Бир жылдын ичинде «МедиаХаб» алып чыккан иликтөөлөр бир канча коррупциялык схемалардын бетин ачып, анын жыйынтыгында коррупцияга шектелген жарандар, жазага тартылды.

 

Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу жана Мээрим Айныкеева биргеликте изилдеп чыккан «600% үстөк. Кыргызды карызга батырган Сомо» аталышындагы иликтөө жарыялангандан кийин, коомчулукта резонанс жаратып социалдык тармактарда талкууга алынган негизги темага айланды. Өкмөт тез арада займ берүүчү уюмдардын ишин тескөөгө алып, ал эми алданып калган жарандар Сомого алган акчанын суммасын гана төлөөгө милдеттендирилишти.

«МедиаХаб» журналист Мээрим Сырдыбаева менен биргеликте жасаган «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» иликтөөсүнөн кийин, милиция тез арада жасалма документ жасаган кылмышка катыштыгы бар эки кишини кармады. Мындан тышкары бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдурган бир нече материалдар даярдалды.

Ал эми чет өлкөгө кыргыз жарандарын ишке орноштуруу менен алектенген компания тууралуу иликтөөдөн кийин Ишкер Аскарали Нышановтун дипломатиялык паспорту жоюлуп, анын компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Иликтөөдө Словакияга барышып, кулчулукта калганын айтышкан 13 кыргыз жаранынын окуясы айтылган. Алардын айтымында Аскарали Нышановтун компаниясы аларды алдап, кулчулукка сатып жиберген.

 

«МедиаХаб» коомдук фонду түзүлгөндөн баштап, эл аралык фондтор менен биргеликте Кыргызстанда резонанс жараткан, коррупциялык схемалардын бетин ачкан 20 дан ашык иликтөөлөрдү чыгарды.  Ар бир иликтөө жоопсуз калбай, мамлекеттик органдар тарабынан реакция жасалып турду.

 

Ушуну менен катар эле «МедиаХаб»  режиссерлор командасы миграция, укук коргоо, Кыргыз-Тажик чек арасындагы аскердик кагылышуулар тууралуу даректүү тасмаларды тартты. Азыркы учурда бир нече медиадолбоорлор иш жүзүндө аткарылууда.

«МедиаХаб» тын катарында профессионал кино-команда дагы бар.

 

Дастан Жапар уулу – режиссер APSA Академиясынын мүчөсү. Анын «Атанын керээзи тасмасы» А класындагы Монреал кинофестивалында гран-при утуп алган.  Учурда, Дастан Жапар уулу «МедиХабтын» директорунун орун басары жана тартуучу топту жетектеп иш алып барат. Анын тарткан тасмалары дүйнөлүк жана жергиликтүү кинофестивалдарда байгелүү орундарга жетишип, кино таанучуулар тарабынан жакшы баага арзып келүүдө.

 

Самара Сагынбаева – жаш режиссер, дүйнөлүк көптөгөн фестивальдардын катышуучусу, анын тасмалары көптөгөн байгелерди багындырган. Самара Сагынбаева Прагадагы FAMU киноинститутун аяктаган жана «МедиаХабтын» негиздөөчүлөрүнүн бири.

 

Болсунбек Таалайбек уулу – оператор, режиссер жана сценарист. Кыргыз киносунда өз аты бар, зор тажрыйбага ээ.

 

Токтобек Үсөнов – сценарист, режиссер. Москвадагы сценарист, режиссерлорду даярдаган ВКСРдин бүтүрүүчүсү. Москва: Кыйналгандар жана чыйралгандар даректүү тасмасынын режиссеру.

 

«МедиаХаб» коомдук фондунда жалпы 11 кызматкер бар. Анын жетөөсү толук иштешип, калгандары аралыкта иш алып барышат.

 

“МедиаХаб” коомдук фонду кызыктар болгон жарандар менен ар тараптуу иштешүүгө даяр. Учурда анын ишмердүүлүгүнө журналистик иликтөөлөрдү колдогон активистер, киноөндүрүшүндө жана коррупция менен күрөшүүдө волонтердук негизде жардам берип келишет.

 

Биз менен болуңуз! Биз коррупция менен күрөшөбүз!

Кош келиңиз!

Жеке аккаунтуңузга кириңиз

Сырсөздү кайтаруу

Сырсөздү кайтаруу үчүн логин же email даректи жазыңыз